www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Абдылдажан Акматалиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Абдылдажан Акматалиев — адабият таануучу, кыргыз фольклорун, “Манас” эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөчү, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн 700дөн ашуун илимий эмгектин автору, илимге эмгек сиңирген ишмер, КРнын Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, II жана III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Куттуктоодо маареке ээсинин кыргыз гуманитардык илиминин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкону белгиленет. Анын манастаануу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жана кыргыз элдик оозеки мурасын изилдөө боюнча эмгектеринин аркасында кыргыз маданияты дүйнөлүк илимий мейкиндикте таанылганы баса көрсөтүлгөн.