www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал начарлап кетпесе, Бишкектин көпчүлүк мектептери жазгы каникулдан кийин буга чейинки режимдегидей иштей баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтүп жаткан маалымат жыйында Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

«1-апрель күнү төртүнчү чейрек башталат. Биз аны үчүнчү чейректегидей эле режимде баштоону пландап жатабыз. Тагыраагы, жети класс (1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстар) мектепке келип окушат. Калган төрт класс мурдагыдай эле онлайн-режимде окуй турсун деп жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле, Иманалиева жакынкы эки-үч аптадагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечим кабыл алынарын жана бардык окуучуларды мектепте окутууга шарт түзүлөрүнө үмүт кыларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости