www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтерек президентти эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, лабораториялык кан анализдери Садыр Жапаров буга чейин ооруп айыккандыктан коронавирус инфекциясына каршы антителолор жетиштүү көлөмдө экенин көрсөткөн.
"Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда президентке эмделүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет", — деди Галина Байтерек.
Президенттин маалымат кызматы коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталарын турганын белгилеп, вакцинаны саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп сайдырарын кошумчалады.
Кечээ министр Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровго коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок экендигин Sputnik агенттигине билдирген болчу.
Булак: NazarNews.kg