www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия: Бишкекте COVID 15-марттан тарта күч алды

Бишкек шаарында 15-марттан баштап коронавирус жугузгандардын саны көбөйө баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эподемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Рыскулбекованын айтымында, вирус жуктургандардын саны күн сайын аз-аздан көбөйүп бара жатат.

«Жыл башынан бери борбор калаада 2 940 киши вирус жугузуп алды. Алардын ичинен 1737 учур ПЦР-тест аркылуу тастыкталган. Ооруп калгандардын басымдуу бөлүгүн, тагыраагы, 58 пайызы 30-64 жаштын ортосундагылар түзөт», — деди адис.

Мындан тышкары, ооруп жаткандардын 21 пайызы 65 жаштан жогорулар, 2,5 пайызы 14 жашка чейинки балдар экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости