www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги №87 мектепте окуучуга кол көтөргөн мугалим окуя тууралуу түшүндүрмө берди.
Аталган мугалим Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын №7 милициянын шаардык бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери жүрүүдө.
Кыргыз тили сабагынан берген мугалим окуя 14-январда болгонун, окуучуга теманы бир нече жолу түшүндүргөнүнө карабай ал жооп бере албай койгондуктан ачууга алдырып чаап жибергенин айтты. Буга байланыштуу ал кыргыз элинен жана окуучунун ата-энесинен кечирим сурады.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кабарлады. Окуучунун ата-энеси мугалимге каршы арыз жазуудан баш тарткан.
Окуяны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинде түзүлгөн комиссия да иликтеп жатат.
15-январда социалдык тармактарда борбор калаадагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда мугалим окуучуну “сабакты билбейсиң” деген негизде жаакка чапкылап, уруп-согуп жатканы тартылган видео тараган. Коомчулукта мугалим сынга кабылды.
Кыргызстанда буга чейин да мугалимдер окуучуларды сабаган окуялар катталган.