www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париж шаарында Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө уюмдун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга жигердүү салым кошуу максатында Кыргызстан ЮНЕСКОнун жетекчи органы болуп саналган Аткаруу кеңешинин мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштап, 2025-2029-жылдарга шайлангандыгы белгиленди.

Ошондой эле Кыргызстандын туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо эки негизги фактордун - саясий туруктуулуктун жана экономикалык өнүгүүнүн аркасында олуттуу ийгиликтерге жетишкени өзгөчө баса белгиленип, бул өлкөгө алдына амбициялуу максаттарды коюуга мүмкүнчүлүк берери айтылды. Артыкчылыктуу багыттардын катарына климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, суу жана кургактык экосистемаларын сактоо, жакырчылыкты кыскартуу жана улуттук креативдүү индустрияны өнүктүрүү кирет.

Өз кезегинде ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани Кыргызстандын уюмдун ишмердүүлүгүндөгү активдүү ролуна, анын ичинде маданий долбоорлорду илгерилетүүдөгү салымына жогору баа берди. Кыргыз тараптын кайрылууларына байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын эки иш-чарасына - VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Чынгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумуна ЮНЕСКОнун патронажын берүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүүгө, өзгөчө жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ишенимин билдиришти.

Последние новости