www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркияга акысыз дарыланууга жөнөтүү механизмдери, медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, кадрдык потенциалды чыңдоо жана фармацевтикалык кызматташтык талкууланды.
Министр түрк тарапка көрсөтүлүп жаткан колдоо жана медициналык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Түркия менен болгон эки тараптуу өз ара аракеттенүү стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгиледи.
«Министрликтин атынан түрк тарапка активдүү иши жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Түркия — биздин достук мамиледеги мамлекет жана медицина тармагындагы ишенимдүү өнөктөш. Биз кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө, айрыкча жарандарды акысыз дарыланууга жөнөтүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү маселелерине кызыкдарбыз. Кыргыз Республикасында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саламаттык сактоо системасын модернизациялоо жана медициналык инфраструктураны куруу боюнча ири иштер жүргүзүлүүдө, биз алдыңкы моделдерге жана технологияларга ачыкпыз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.