www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өлүкканага түшкөн сөөк көбөйдү

Бишкекте ооруканада көз жумгандарды кабыл алуучу өлүкканага түшкөн сөөктөр көбөйдү. Бул тууралуу 1-июлда Республикалык патологоанатомиялык бюронун жетекчиси Валентина Пахман билдирди.

30-июнда бир суткада коронавирустан жети бейтап каза болгону расмий айтылды. Бул эпидемия башталгандан берки бир суткадагы эң көп сан болуп калды. Бирок илдетти аныктоо ыкмасы суроо жаратып жаткандыктан өлгөндөр мындан көп болушу ыктымал деген божомол бар.

1-июлда «Бишкектеги өлүкканада орун калбай калыптыр» деген маалымат тарады.

Пахман ал жетектеген жайда мындай маселе жок экенин айтты. Ал ошондой эле соңку күндөрү каза болгондор көп түшө баштаганын ырастады.

Бишкекте эки өлүккана бар. Экөө тең Кыргыз мамлекеттик медицина акад-миясынын аймагында жайгашкан. Бирине ооруканада көз жумгандарды алып барышат. Экинчиси Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюрого карайт.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости