www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүм кыздарды порнографиялык мүнөздөгү иштерге тартуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери порноиндустрия тармагына жашы жете элек кыздарды тартуу менен алектенген бир нече адамдарды (сутенёр) аныкташкан.

Студияда бир нече кыздар веб-модель катары иштеп келишкен. Алар жылаңачтанып эротикалык жана порнографиялык шоу көрсөтүшөт. Кыздар керектүү жабдыктары бар атайын бөлмөдө интернет аркылуу кардарлар менен маектешип, алардын талаптарын белгиленген суммадагы акчага аткарып келишкен. Ар түрдүү даректе жайгашкан эки батир аныкталып, студияда болжол менен 10-15 кыз иштеген.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгында аныкталгандай, 2017-жылдын январь айында бул тармакта иштеген адамдар алдоо жолу менен жашы жете элек кызды чет элдик жарандарга онлайн интим кызматын көрсөткөн студияда иштөөгө көндүрүшкөн. Маалым болгондой, алар кулактандыруу аркылуу жумуш издеген кызга чалышып, аны маектешүүгө чакырышкан. Бул боюнча жабыркаган кыз арыз жазган.

Аталган факт боюнча Биринчи май райондук ИИБи тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүмү (Жашы жете элек өспүрүмдү порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же предметтерди даярдоого байланыштуу ишке тартуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин негизинде Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан бир нече даректе жайгашкан батирлерге тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада мындай мекемени уюштурган Ош облусунда 1993-жылы туулган М.К., жана мекеменин администратору - Баткен облусунда 1991-жылы туулган Ж.Н. кармалган.

«Мындан тышкары, батирлерде ар кайсыл аймактардан келишкен, борбордогу окуу жайларда окуган 5 кыз болгон. Алар веб-камера аркылуу чет өлкөлүк кардарларга кызмат көрсөтүп жатышкан. Тинтүү учурунда 10 компьютер, 16 веб-камера, флеш-карта, сим-карта, интимдик оюнчуктар табылган», - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөр Биринчи май райондук соттун чечими менен СИЗО-1 мекемесине 2 айга камакка алынды.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости