www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик: 143 бала коронавирустан дарыланып жатат

Бишкектеги ооруканаларда коронавирус инфекциясынан 143 бала дарыланып жатышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата балдар арасында вирустук инфекция жана этиологиясы такталбаган пневмония азайууда.

Белгиленгендей, Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жана №3 балдар ооруканасына 60тан 80 ге чейин кайрылуулар болуп, анын ичинен 10-15 бала ооруканага жаткырылууда, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлуп жатат, 80%ы шаардыктар.

«10-15 баланын ичинен (90% учур) пневмония менен жаткырылууда. Бүгүнкү күнгө карата Эне-баланы коргоо борборунда 90 бала, №3 балдар ооруканасында 53 бала жатат. Ага карабастан ата-энелерди сак болууга жана бардык санитардык тазалык эрежелерин сактоого чакырабыз», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости