www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жеке клиникалар коронавируска каршы эмдөө иштерин жүргүзбөйт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, вакцина мамлекеттик бейтапканаларда гана сайылат.

«5-апрелге карата өлкөдө жалпы 644 адам эмделди. Алардын абалдары жакшы. Ар бир вакцина алган жаран маалыматтар базага киргизилүүдө жана тыкыр көзөмөлдө», - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдан SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Вакцинаны биринчилерден болуп 29-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.

Эске салсак, калкты эмдөө үчүн Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости