www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жалпыбызга үлгү болууга тийиш. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн маалымат кызматы.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын президентинин "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 19-мартында уюштуруу комитети түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери кирген.

Кеңешменин жүрүшүндө белгилүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чаралардын планы сунушталды.

Премьер-министр бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу зарыл экендигин белгиледи.

"Жусуп Абдрахманов – заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө олуттуу салым кошкон белгилүү мамлекеттик ишмер. Анын өмүр жолу Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге үлгү болушу тийиш", - деди Улукбек Марипов.

Кеңешмеде уюштуруу комитетинин өкүлдөрү белгилүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чараларды, анын катарында Жусуп Абдрахмановдун өмүрү тууралуу көркөм тасма тартуу, эл аралык илимий конференция өткөрүү, анын ысмын Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясына ыйгаруу, "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамын ыйгаруу маселесин талкуулады, ошондой эле Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКО материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн ЮНЕСКОнун "Дүйнө эстелиги" программасынын консультативдик комитетине кайрылуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу киргизилди.

Жыйынтыгында киргизилген сунуштарды эске алуу менен планды толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости