www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өзбек ырчыларынын концерти болот

Евразиянын борборлорун кыдыруунун алкагында Өзбекстандын белгилүү музыканттары Кыргызстанга келет. Алар Бишкекте ЭлектроОКО музыкалык долбоорун көрсөтүшөт. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

OpenAir форматындагы концерт 2021-жылдын 18-сентябрында саат 19:00дө Курманжан Датканын эстелигинин жанында өтөт. Маданий иш-чара "Icon Development" компаниясынын, "Сорос-Кыргызстан" фондунун, Бишкек мэриясынын жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулуп жатат.

ЭлектроОКО - Өзбекстандын дымактуу музыкалык долбоору. Синт-поп жанрындагы музыкалык топ автордук музыканы орус тилинде аткарат. ЭлектроОКОнун адаттан тыш үнү фантастикалык, ирониялык жана постмодерндик лирика менен айкалышкан жандуу скрипка, гитара жана электрониканын синтезин жаратат.

Өзбек музыканттары Ашот Даниелян менен Никита Макаренконун ЭлектроОКО тобу "Кыжаалат алган коңгуроо" ("Тревожный звонок") деген дебюттук альбомун жана "1984" аттуу ырынын дистопиялык клибин чыгарышкан. 2020-жылдын декабрында атагы чыккан топ Өзбекстанды кыдырып, Фергана, Самарканд, Бухара, Нукус жана Ташкентте концерт коюшкан.

Концерттер менен саякаттап жүргөндө, музыканттар деңиздин тарыхына арналган уникалдуу ырларын ойношот жана угуучуларына адаттан тыш фирмалык белектерди таратат.

Евразия борборлорун кыдыруу алкагында, топ Дүйшөмбү - Бишкек - Алматы - Киев - Москва – Ташкент шаарларына барышат. Бул долбоор Өзбекстандын Туризм жана Спорт министрлиги жана Швейцариянын Өзбекстандагы элчилигинин Швейцария Кызматташтык Бюросунун колдоосу менен ишке ашырылып жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости