www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте

21-25 сентябрь күндөрү Бишкекте "Өзүңдүн кан басымыңды бил" акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык ден-соолукту чыңдоо борбору маалымдады.

Бул күндөрү тургундар Үй бүлөлүк медициналык борборлорунда, саламаттыкты сактоо уюмдарында кан басымын текшерте алышат. Ошондой эле, өтүшкөн гипертонияны жана башка ооруларды алын алуу үчүн шаар тургундарына ачык эшик күнү өткөрүлөт. Андан тышкары, райондук администрацияларда, МАБдарда, маркеттерде, калкты тейлөө борборлорунда жана ири соода борборлорунда кан басымды текшерүү уюштурулат. 

Ал эми 26-сентябрда "Ден-соолук" паркында саат 9:00дөн 14:00гө чейин "Кан донорлорунун улуттук күнүнө" карата кан тапшыруу акциясы өткөрүлөт. Иш-чаранын максаты - калктын жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, гипертония оорусунун тобокелдик факторлору жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана ден-соолукту чыңдоого үндөө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости