www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык коргонуу боюнча комиссия Бишкекте саясий партияларга санитардык талаптарды аткаруу менен съезд өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, съедин башталышында имараттын ичи хлор кошулган каражаттар менен дезинфекцияланышы керек. Вентиляция системасы жок болсо, 60 мүнөт сайын желдетип туруу зарыл. Съездге 100 кишинин гана катышуусуна уруксат берилет.
Мындан тышкары съездге келгендердин дене табы өлчөнүп, колдоруна антисептик чачылышы, катышуучулар шахматтык ыкма менен 1,5-2 метр аралыкта отургузулушу шарт.
Беткап режими катуу көзөмөлдөнүп, дене табы 37 градустан жогору болгондор имаратка киргизилбеши керек.
Мыйзамга ылайык, саясий партиялар съезд өткөрүп, 20-августка чейин БШКга талапкерлердин тизмесин бериши керек. Партиялардын көбү жыйындарын ушул жумага белгилеген.
Коронавирус эпидемиясына байланыштуу Бишкекте 50дөн көп киши катышкан массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg