www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда «CREATE4» КР чыгармачыл тармактарынын I фестивалы башталды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө белгилегендей, бүгүн, бул фестивалда Кыргызстандын ар бир бурчунан келген прогрессивдүү, жаңыча ойлонгон, таланттуу, креативдүү, идеяларга толгон инсандар катышууда.

"Креативдүү экономика салыштырмалуу жаңы багыт. Акыркы жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана калктын кирешесинин өсүүсүнө жана иш менен камсыз болуусуна, экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү, экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары креативдүү экономика дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да өзгөчө орун алып, активдүү өнүгүүдө", - деди ал.

Президент баса белгилегендей, Кыргызстан жаш, таланттуу калкка бай, маданий салттарга жана элдик прикладдык искусствого, зор туристтик потенциалга ээ экендигин эске алып, жашыл, санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоого убакыт келип жетти.

"Мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо жарандардын креативдүү потенциалын ачууга жана дүйнө жүзүндө талап кылынган инновациялык продуктулардын генерациясына түрткү берет деп эсептейм. Ушул багытта мамлекеттик актуалдуу дүйнөлүк тенденцияларды эске алып, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында Креативдүү экономикага өзгөчө орун берген", - деди Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости