www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Жай босогосунда өмүрдүн дагы бир учуру мөөнөт күтүп кезекте турат. Кудайдын өзүнүн эрки менен жаралган теңдеши жок тубаса элчи катары бааланган Шамен. Элден калган улуу сөз бар экен «канаттуу кушка учуп кетүү, же кайра келип даракка конуу кандай жеңил болсо, Шамен үчүн чукугандай сөз таап, адамды уютуп, көшүлтүп сүйлөп, сөз менен ынандыра билүү жагынан ошол канаттуу куш менен салыштырып айтылган. Кулактын кучушун кандырган Шамен сыяктуулар кыргыз элинде чанда болгон. Шамен өмүрүндөгү элүү экинчи жайды көрдү. Өмүрдүн таттуулугун улам тарта баштаганда, адам жан-дүйнөсүндө айтып бүткүс өзгөрүүлөр болот. Ар бир ирмем, жыл,ай күн, саат үчүн чекке чыгып, улуу мезгилдин мыйзамына каршы айбаттуу күрөш башталат. Дилдеги асыл ойлор эч капарсыз магдырашат. Аларга жем издеп чабыттаган аракеттер куш сымал асыл ойлорду уясынан мезгилди утурлай учуруу. Асыл ойлорго ширелген Шамендин көрөгөчтүгүн, акылгөйлүүлүгүн баамдаган Ормон жаштыгына карабай аны кеңешчи катары тутуп жүрдү. Адамдын тиши өтпөй, акылга муктаж болуп турган жерлерге Ормон аталаш иниси Шаменди жөнөтчү. Жаш кезинен нечендеген эл үчүн кызматтарды аркалап жүргөн Шамен эчендеген эрлер белин кыйшайтпай өткөн элүү жашында каныгып, нускалуу адамга айланган. Анын чоң атасы Эсенкулдан калган осуяты, эртең кытайлык сан жеткис кошуунга, калмактар сыяктуу жем болбойлу деп айтып кеткени. Кыргыздар чүрчүттөргө жем болбош үчүн Кытайга тиши өтө турган чоң мамлекетти калка кылып алыш керек эле. Эмне Кокон ханы калка боло алабы? Же Орусия империясына ооп бараткан казактар калка боло алабы? Орустарга баш бербей Ат-Башы жакка оогону менен, анын оюнда эми биз чүрчүттөрдөн баш паанек сурайбызбы деген ой мүлжүдү. Алар керегине жаратып, пайдаланып туруп «эки чайнап, бир жутпайбы»?

Орустарга далдоолонуп, чүрчүттөр менен мамиле кылбаса, Чыгыш Түркстандагы нечендеген боордоштор Асман империясынын алдында калбадыбы?  Орус империясынын гүбүрнатыры Герасим Колпаковский белден ооп Соң-Көлгө бет алганда, каз-катар тизилген аппак боз үйлөрдү көрүп суктанды. Колпаковскийге арналып өзүнчө Ак өргөө көтөрүлгөн. Колпаковский келгенде Шамендин жигиттери аттарын алышып, аны сыйлоо анын атын алуудан башталды. Атты жаш жигиттер алып,утурлай басып, колтуктап түшүрүштү. Ак өргөө алдынан аны утурлай тосуп алышып, сый көрсөтүп, Ак өргөөнүн жабуусун бир жагына кыңкайта ачып, Колпаковскийди алдыга өткөздү. Колпаковский үйгө киргенде салам айтып, үйдөгү аксакалдар жана  Шамен баш болгон сарбагыш манаптары менен кыргыз каадасы кылып кол алышып учурашты.

 Көркөм көчөт түшкөн чий эшиктен аттар менен Колпаковскийдин көз алдына  этегине тегирич улай тигилген  жабык баш урунду. Боз үйдүн ички көркү  ууз өрмөкчүнүн колунан чыкса керек, «кажары», «букары», «беш кеште», «сызма» укмуштай өрмөктөп согулуптур. Боз үйдүн жүгү да өзүнчө кооздук берип турат. Жүктүн астындагы такта, ага жабылган терме таар, калы килем, сандык, жагдан, күмүш ала бакан, андагы ат жабдыктар, улуттук кийимдер элдик узчулук менен зергерчиликти таасын көрсөтүп турат.

Колпаковский өзүн алдын-ала күтүп, конок камы көрүлүп, даярдыктар менен дасторкон даярдалганын сезди. Ат арытып алыстан келген Колпаковскийге тосуп алгандар барбалаӊдап «конок келсе кут кошо кирет» деп турушту. Колпаковскийге төрдөн орун берип калгандары төрдөн баштап улуулата отурушту. Кыргыздагы эң мыкты касиет ар ким өз ордун билет. Дасторкон үстүндө башталган сөздүн маңызын Шамен туйду. Кытай империясы менен орус империясынын ортосунда чек ара келишимдерине Кытай тарап кол койсо да бул келишимдерге каршы экени сезилип турат. Анткени,1864 -жылы Чугучакта келишим түзүлгөн учурда Кытайдын бир топ провинцияларында толкундоолор болуп, император чек ара эмес, өз айласын таппай жаткан. Ошондуктан, улам бери жылып келаткан Орусияны токтотуу үчүн келишимге кол коюуга аргасыз эле. Эми Чын империясы чек ара маселесин кайрадан карап чыгуу маселесин коюуда. Байыркы чүрчүттөр Каспий деңизине чейин жеткен. Тан династиясынын тушунда дүйнөлүк белгилүү акын Ли Бо азыркы Токмок шаарында туулган. Ошондуктан чүрчүттөрдө Каспийге чейинки жерлер биздики деген жашыруун дымак дайыма жалындап күйүп турат. Жунгар калмактары күч алып турган убагында казак менен кыргыздарды жерлеринен сүрүп чыгышып, алардын жерин мекендеп калышкан. Чын империясынын талабы боюнча Жунгарстанды алар басып алган соң, бул мамлекетке караган кыргыз, казак жерлери Кытай империясына караш керек. Чын империясынын дагы бир талабы Орусия империясы менен чек ара Нарын дарыясы  боюнча бөлүнүш керек.Нарын дарыясынын бери жагы Орусияга карап, ар жагы Чын империясына караш керек. Буга себеп Ат-Башыны жердеп турган сарбагыш манабы Үмөталы али орус империясын тааный элек. Ал орус империясы менен душмандашып , алардын аскерине кол салып, аскерлерин барымтага алып кетип жатат. Колпаковский менен сүйлөшө турган маселенин кабыргасы дал ушул жерде. Эгер Кытай менен Орусия Нарын дарыясынан чек араны бөлө турган болсо, Шамен, Жантай баштаган сарбагыштар Орусияга, Үмөталы баш болгон сарбагыштар Кытайга баш ийип, кыргыздар гана эмес, сарбагыштар да экиге бөлүнүп калчудай. Кыргызды бириктирем деп жүрүп Ормон өттү, азыр кыргыз бирикмек түгүл, бир тарабы Орусияга, бир тарабы Кокон ханына, бир тарабы Кытайга баш ийип турушат. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости