www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия күндөрүнө карата уюштурулган концертке бир катар өнөр адамдары, чыгармачыл топтор катышары айтылды.

 Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Россия күндөрүнө карата майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунан ("Русский дом") билдиришти.

Маалыматка ылайык, концерт 12-июнда саат 18:30да башталат. Аны Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги, карачайлардын "Ата-Журт" эл аралык ассоциациясы уюштурууда.

Маданий иш-чарага КРдин эмгек сиңирген артисттери Каныкей Раймалиева, Жылдыз Осмоналиева, Игорь Воронцов, аткаруучулар Бек Исраилов, Бегимай Турусбекова, эл аралык сынактардын лауреаттары Миран Жанарбаев, Сафина Самиева, Анастасия Гриб, Элгиз Бейшенбаев, Рута Ведана, Урмат Сатыбалдиев, Эмир Абыкеев жана бир катар ансамблдер, бий топтору катышат.

Коноктор чакыруу билеттери менен киргизилет. Аны алуу үчүн Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2/1 дарегине кайрылуу зарыл.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости