www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 7-июнда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед Аль-Жассер менен жолугушууда Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу башталганын билдирди.

Анын айтымында, бул шаарда электробустар жана электромобилдер гана каттайт.

«Ал жерде электр энергиясы күн жана шамал станциялары аркылуу берилет. Экологияга эч кандай зыяны болбойт», — деди президент.

Бул экошаарда алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары мурда маалымдалган.

Жолугушууда ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости