www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө активдүү катышкан жаранга ыраазычылык билдирилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы 23-сентябрда өрт өчүрүүчү-куткаруучулар келгенге чейин өз демилгеси менен өрттү өчүрүүгө жардам берген Нурмаматов Бекмамат Бактыбековичке ыраазычылык кат тапшырды.
Жаранга кыйын кырдаалда көрсөткөн кайраттуулугу, чечкиндүүлүгү жана жарандык жоопкерчилиги үчүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын атынан ыраазычылык билдирилди.
ӨКМ жарандардын кооптуу кырдаалдарда жоопкерчиликтүү аракеттерин белгилеп, өрт чыккан учурда биринчи кезекте коопсуздукту сактоо жана тиешелүү кызматтарга ыкчам кабарлоо зарылдыгын эскертет.