www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз тилин өнүктүрүү ыктымалдыгы нөл

Биздей өлкөлөрдө муун алмашмайынча, улуттук баалулуктардын корголушу деле бир топ кыйынчылыкты жаратат. Эгер эл мурдагы доордон бери калыптанып калган керексиз үрп адаттарынан арыла албаса, андан бетер кыйын. Кыкең Орустун союлунан кутулуп, өз алдынча түтүн булатканына быйыл 35 жыл болду. Бул аралыкта “артка кеттик, элдер айга кетишти” деп этек, жеңибизди кагынсак туура болбой калат. Арпа боюнчалык болсо да, өнүгүү бар. Бирок, эне тил жагы аксап, тексеп, ал ортодо, айрым тилчилер ары жакка бир тартып, бери жакка бир тартып, бушайман кылышты. Өлкөнүн чоңдору болсо, эне тил майрамында каалоо тилектерин гана жарыялап, тилектештигин туюнтуп коюшат. Аны өнүктүрүгө багытталган конкреттүү аракеттер жок эсе. Улуттук илимдер академиясы, Улуттук тил комиссиясы деген абройлуу, сүрдүү илим, билимдин уялары деле бизге окшоп унчугушпайт.

Коом дегредацияга учурап баратканда тил өнүкмөк турсун кайра бузулат. Азыр жаштардын 60 пайыздан ашыгы эне тилинде китеп окуса, түшүнбөйт. Негизи, кайсы тилде болсо да, адабий чыгармаларды окубай калышты. Күнүмдук колдонгон сөздөрү өтө аз, кээ бир сөздөрдүн маанисин түшүнбөйт. Мындай жарым жамалак коом менен кыргыз тилин өнүктүрүү ыктымалдыгы нөл. Өкмөт тарап болсо, жаштарды турмуштун агымына карап, жөн койду. Ошон үчүн сөйкө тагынган, юбка кийген, улутун сөккөн “эркектер”, мушташкан, тиштешкен, энелик ыйыктыкты тебелеп, тепсеген кыздар алкынып көчөдө жүрүшөт. 

Тилге дагы реформа керек, жаңы сөздөрдү таап, колдонууга киргизүү зарыл. Реформа десе, кайсы бир тамганы алып салуу менен чектелбей, балким, элдик талкуудан кийин олуттуу өзгөрүүгө барсак да болот. 

Негизи, Улуттук тил комиссиясын сындап, муш кезеген менен пайда жок. Жазуучулар, акындар жана тилчилердин абалы бүгүнкү кыргыз тилдин абалындай чабал. Ага белгисиз да, белгилүү да себептер бар.

Бирок, Башкы прокуратурада, Коргоо министрлигинде, Жогорку Кеңеште иш кагаздары толук кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатканы сүйүндүрөт. 

Манас ОСМОН

Последние новости