www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага окуу китептеринин сапаты жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү маселеси боюнча сын айтты.
Депутат окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга кошумча 7 миллиард сом бөлүнгөнүн белгилеп, ошол эле учурда китептердин сапатына байланыштуу кооптонуулар бар экенин билдирди.
Анын айтымында, окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу процессине көзөмөлдү күчөтүү зарыл.
Талиева 12 жылдык билим берүү системасына өтүү менен бирге окуу-методикалык материалдардын сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Депутат министрликти окуу китептерин даярдоо жана чыгаруу иштерин тыкыр көзөмөлдөөгө чакырды.