www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өрттөн бир чет өлкөлүк жаран каза болуп, 38 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан 3 кабаттуу жатаканадан өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен саат 10:20да толук өчүрүлдү.
Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрт болгон жерде 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Тилсиз жоодон жалпы 38 адам эвакуацияланды.
Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түздү.