www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аталышында семинар өтүүдө.

Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Дурус Козуев, мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышууда.

Семинардын жүрүшүндө “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин Квалификацияны жогорулатуу институтунун тренери Гүлшайыр Саматова окуу жайдагы мамлекеттик тилдин учурдагы абалы, аны өнүктүрүү багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жана талапка ылайык даярдоо, документтердин түрлөрү, алардын түзүлүшү, стилдик жана орфографиялык нормаларды сактоо боюнча теориялык жана практикалык маалыматтар сунуштады.

Семинардын негизги максаты: университеттин кызматкерлеринин мамлекеттик тилде иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүү, документ жүгүртүү тармагындагы билимдерин тереңдетүү жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу.

Иш-чара КМУнун инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борбору менен мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Последние новости