www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөк кан-тамыр оорулары көп жылдардан бери Кыргыз Республикасынын калкынын ооруга чалдыгуу, майыптуулук жана мезгилсиз өлүмгө дуушар болуусунун негизги себеби болуп кала берүүдө. Буга байланыштуу алдын алуу, калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана тобокелчилик факторлорун эрте аныктоо өзгөчө мааниге ээ болууда. 

Жүрөк кан-тамыр ооруларынын алдын алууга арналган иш-чаралардын алкагында, академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте «Саламат жүрөк — чекаптан өт» маалыматтык-алдын алуу акциясын өткөрүп жатат.

Акциянын максаты — жашоочуларга жүрөктүн саламаттыгына кам көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө эскертүү, тобокелчилик факторлорун өз учурунда аныктоого жардам берүү жана алдын алуу жана үзгүлтүксүз чекаптан өтүү – бул узак жана активдүү жашоого карай жөнөкөй кадам экендигин көрсөтүү.

Акциянын алкагында соода борборлоруна жана базарларга келген адамдар төмөнкүлөрдү камтыган медициналык текшерүүдөн акысыз өтө алышат:
·       артериялык басымды өлчөө;
·       дене салмагынын индексин аныктоо;
·       кандагы кант жана холестериндин деңгээлин өлчөө;
·       кардиолог-дарыгердин кеңеши.

Иш-чаралар УКТБ адистеринин жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) жана А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин (БМК) ыктыярчыларынын катышуусунда өткөрүлмөкчү.

Акция өткөрүү графиги:

🔹Vefa Соода борбору
Байтик Баатыр көч., 98, 1-кабат
13–14-май 2026-ж.
10:00-14:00
        
🔹Бишкек Парк Соода-көңүл ачуу борбору
Киев көч., 148, М   1- кабаты
16-май 2026-ж.
10:00-14:00
                 
🔹Дордой Плаза Соода-көңүл ачуу борбору
Ибраимов көч., 115/2 (Гоголь көч., тараптагы жаңы корпус)
18-май 2026-ж.
10:00-14:00
        
🔹Орто-Сай базары
Сүйөркулов көч.
20-май 2026-ж.
10:00-14:00
 
Уюштуруучулар акысыз текшерүүдөн өтүүнү жана жүрөгүнүн саламаттыгына өз учурунда кам көрүүнү каалаган бардык адамдарды чакырат.

Последние новости