www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу билим берүү мекелемелерине 91 даана кызматтык автоунааларды тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы өтөт.
Иш-чара Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчи Касымалиев Адылбек Алешовичтин, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын катышуусунда Т. Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) 2026-жылдын 13-майында болот.
Билим берүү уюмдарынын автоунаа паркы узак убакыт бою системалуу түрдө жаңыланган эмес. Автоунаалардын берилиши Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн, мекемелерин жана уюмдарын заманбап, үнөмдүү жана ишенимдүү автотранспорт каражаттары менен камсыз кылуу аларга жүктөлгөн функцияларды натыйжалуу аткарууну олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому аркылуу лизинг механизми аркылуу 91 даана LTZ комплектациясындагы «Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү автотранспортту сатып алуу каралган.
«Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү автоунаалар ата мекендик «ДТ Техник» ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн.