www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте салттуу окуу режими башталган бери 8 окуучудан жана 5 мугалимден COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, коронавирус мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин арасынан аныкталгандан кийин маалымат Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына жөнөтүлөт.

«Каралган бардык иш-чаралардан кийин вирус аныкталган класс 14 күнгө аралыктан окутуу режимине өткөрүлөт, эгер бир канча жуктуруу катталса анда мектеп жабылат», - деди ал.

Азыркы учурда борбордо COVID-19ду жуктурган учурлар катталганына байланыштуу 1 мектептин жабылуусу такталууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости