www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 23-апрелде, Бүткүл дүйнөлүк автордук укук жана китеп күнүнө карата Бишкекте “Санариптик чөйрөдө музыкалык чыгармаларга болгон укуктарды башкаруунун толук цикли: каттоодон акча табууга чейин” деп аталган конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чара Кыргызпатент, IPChain Кыргызстан, Евразия укук ээлеринин коомдорунун конфедерациясы (EAУЭКК) тарабынан уюштурулуп, ага кыргыздын көрүнүктүү маданий жана искусство ишмерлери катышты.
Конференцияны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, музыкалык чыгармаларга болгон укукту башкаруу боюнча өткөрүлгөн иш-чара – музыкалык чөйрөнүн өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизерине терең ишенерин билдирип, ведомствонун автордук укук жана китеп жаатында аткарган иштери тууралуу айтып берди.
Спикер катарында EAУЭККнын башкы катчысынын орун басары Г.Туринцев жана FONMIXтин коммерциялык директору И.Осташевскаялар чыгып сүйлөп, интеллектуалдык менчик үчүн ишеним инфратүзүмү жана укук ээлери жана бизнес үчүн заманбап IT-технологиялар тууралуу айтып беришти.
Конференциянын жүрүшүндө музыкалык контентти колдонуу боюнча ачык-айкын, деталдаштырылган статистиканы түптөөнүн актуалдуулугу, колдонуучулар арасында укук ээлеринин каталогдорун жайылтуу мүмкүнчүлүгү; музыкалык контентти акыркы колдонуучуга (пайдалануучуга) чейин жеткирүү маселелери талкууланды.
Булак: NazarNews.kg