www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сабиз ден соолукка абдан пайдалуу экени баарына белгилүү. Бирок баарыбыз эле аны кантип туура тандаш керек экенин биле бербейбиз.
Дүкөн же базарда сабиздин 2 түрүн: жуулганын жана топурагы тазаланбаганын көрсө болот. Жуулган сабиз кымбатыраак болот, ага карабай көбү дал ошондой сабизди тандашат.
Бирок жуулган сабизди сатып алууда бир нерсени эске алыш керек, көпчүлүк учурда мындай сабиз натрийдин пиросульфити менен жуулат. Жуулган сабиз көпкө чейин сакталбайт. Тез эле чирип, бүрүшүп калышы мүмкүн.
Ошондуктан аны узакка чейин сактоо үчүн химиялык зат – натрийдин пиросульфити менен жуушат. Бул заттын организмде көп болушу боор зыян тийгизиши мүмкүн. Ал эми топурагы жуулбаган сабизге эч кандай химиялык зат колдонушпайт. Ошондуктан жуулбаган сабизди сатып алуу сунушталат.
Андан тышкары сабиз сатып алууда төмөнкүлөргө көңүл буруш керек:
- Сырткы келбети Жарылган, кесилген жерлерине, курт-кумурска жеген жерлерине көңүл буруш керек. Тегиз, дефекти жок сабизди тандоого аракет кылыңыз.
- Көлөмү Орто көлөмдөгү сабизди алыш керек. Өтө чоң сабиз көпчүлүк учурда суусуз, ширесиз болот. Тескеринче, эгерде өтө кичинекей болсо, толук быша элек, пайдалуу заттар аз дегенди түшүндүрөт.
- Салмагы Эгерде сабиздин салмагы жеңил болсо, ал узак убакыт сакталган жана суусун жоготкон болот. Салмактуу сабиз тандасаңыз, ширелүү, даамдуу болот. - Сабагы Сабагы жашыл болсо, мөмө жаңы казылган дегенди түшүндүрөт.
Булак: NazarNews.kg