www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Ленин районунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузган 9 коомдук тамактануу жайынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 15-июлунда Бишкек шаардык мэриясынын тапшырмасынын жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тиешелүү токтомунун негизинде текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан комплекстүү текшерүү өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бейшеналиева көчөсүнүн Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жайгашкан коомдук тамактануу жайларынан санитардык нормалардын олуттуу бузулушу аныкталды.
Жыйынтыгында санитардык мыйзам талаптарын сактабаган 9 объекттин иши убактылуу токтотулду.
Ленин районунун муниципалдык администрациясы санитардык талаптардын сакталышын камсыздоо жана шаар тургундарынын ден соолугун коргоо багытындагы иштер улантыларын билдирди.