www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын отурумунда Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимдери бекитилди.
Аларды талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош мандаттарды кийинки талапкерге өткөрүп берүү боюнча чечимдер кабыл алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Гүлнара Махмуджановнанын («Ынтымак» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берилген арыздын негизинде токтотулуп, бош мандат кийинки талапкер Абдукаимов Анварбек Абдукаимовичке берилди;
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Жумагулов Нурбек Жумагуловичтин («Жаңы Кыргызстан») ыйгарым укуктары берилген арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоп, бош мандат Ормонов Бектурсун Анарбековичке өткөрүлдү;
Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Жолдошева Чолпон Алмазовнанын («Адилет») ыйгарым укуктары берилген арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоп, бош мандат Адылбекова Айжан Памировнага өткөрүлдү;
Түп районунун Каркыра айылдык кеңешинин депутаты Сралиева Шаршекан Мусаевнанын ыйгарым укуктары жеке арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Өмүрбек уулу Исламга өткөрүлдү.