www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия менен Украинанын ортосунда каза болгон аскерлердин сөөгүн кезектеги алмашуу ишке ашты.

Бул тууралуу россиялык аскердик кабарчы Александр Коц маалымдады.

Анын айтымында, алмашуунун алкагында украин тарапка каза болгон 501 аскер кызматкеринин сөөгү өткөрүлүп берилди. Ал эми Россия өз кезегинде украин тараптан 31 аскер кызматкеринин сөөгүн кабыл алды.

Маалыматтарга ылайык, 4-июлда Россиянын Коргоо министрлиги Константиновка багытында ок атууну убактылуу токтотууну сунуштаган. Сунушка ылайык, 6-июлда Москва убактысы боюнча саат 12:00дөн 18:00гө чейин гуманитардык максатта убактылуу элдешүү жарыяланып, каза болгон аскерлердин сөөгүн өткөрүп берүү камсыздалышы керек болчу.

Белгилей кетсек, акыркы айларда тараптар каза болгон аскер кызматкерлеринин сөөгүн бир нече жолу алмашышкан. 18-июнда Россия Украинага 522 сөөктү, ал эми Украина Россияга 33 аскер кызматкеринин сөөгүн өткөрүп берген.

15-майдагы алмашууда Москва Киевге 526 сөөктү, ал эми Киев Россияга 41 аскер кызматкеринин сөөгүн кайтарган.

Ал эми 9-апрелде болгон алмашууда Россия Украинага 1000 аскер кызматкеринин сөөгүн өткөрүп берип, Украина Россияга 41 россиялык аскер кызматкеринин сөөгүн кайтарган.

Последние новости