www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды, деп билдирди 20-декабрда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

16-декабрдын кечинде милицияга ооруканадан бычактан алган жаракатынан улам каза болгон бейтап тууралуу билдирүү түшкөн.

Ооруканага тергөө-ыкчам тобу барып, ошол күнү Рылеев көчөсүндөгү үйүнүн жанында 1988-жылы туулган И.А. менен улуу агасы 1980-жылы туулган А.И. уруша кеткендигин аныкташкан. Натыйжада А.И. бычак менен тууганын жарадар кылып, андан соң унаасы менен ооруканага жеткирген. Бирок Бишкектин тургуну жолдо эсине келбей каза болгон.

Аталган факты Жазык кодексинин 122-беренесинин («Киши өлтүрүү») негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Шаардык милициянын №2 бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин Ленин райондук сотунун чечими менен эки айга СИЗО-1ге камалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости