www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр-жашоо күзгүсү

Акылбек агабыз өзүнө-өзү сын-көз караш менен караган мыкты талант. Анын мейли сахнада же экрандабы ар бир ойногон ролунда эч жасалмалуулук жок, нукура аткаргандыгы менен өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат. Андыктан анын түзгөн образдары көрүүчүнү толук бойдон ишендире алат. Бул анын актердук табиятынын өзгөчөлүгү десем туура болчудай.

- Акылбек ага, Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту деп бекерден айтылбаган, өмүрлүк жарыӊыз Анара эже менен чыгармачылыкта да, үй-бүлөдө да бирге болууну Жараткан  насип кылыптыр…

- Туура. Биз 1967-1972-жылдары Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун бүтүрүп, биздин курсташтар, режиссёрдукта окуган И. Рыскулов менен С. Ибрагимов атындагы Ош драма тетарында иштеп калдык. Ошондо Мурза Гапаровдун “Күнөстүү арал” пьесасын И. Рыскулов сахналаштырган. Мен Искендерди, Анара- Жаңылды, сүйүшкөндөрдү аткарганбыз. 1978-жылы Москвадагы фестивальга ушул спектакль менен катышып келдик.

Роль жаратып атып эле, бир-бирибизге болгон аярлуу дейбизби, айтор, сөз менен жеткире алгыс бир сезим пайда болуп, ошондон соң баш кошуп алдык. Сүйүү сезимин билдирүү оңойго турбасы чын. Сүйүү - бул сөз менен жеткире айтып берип түшүндүрө алгыс керемет сезим. Анара сүйкүмдүү көзү менен «жалт» карашы жүрөгүмдү тызылдатты да койду. Ошол күндөн бери ошол көз-караштын жалыны өчө элек.

- Эки таланттуу үй-бүлө курса кыйынчылыгы көп болдубу же...?

- Албетте, оңойчулугу, себеби бир чөйрөдөгү чыгармачыл инсандарда үй-бүлөө күтүү бир-бирин түшүнүү оңой болот. Режиссёрлордо “режиссёрский правокация” деген түшүнүк бар. Актёр, актрисалар режиссёр өзү  каалагандай ролду чыгарып бериш үчүн өзүнүн ар кыл ыкмаларын колдонушат. Театрда бүтпөй калган сын көз-караш, үйгө келгенде дагы уланат.

Спектаклге даярданып жаткан учурда Анарага катуу айтып таарынтып алган учурларым дагы жок эмес. Качан гана ошол каарманы бышып жетилип, мыкты чыкканда гана баягы таарынычтар заматта унутулат, ошол ийгиликтүү чыккан ролу баарын жууп кетет. Өмүр өтөлгөсүнө көз чаптырсам, чыгармачыл жолумда жетекчилик кызматта көп болгонумдуктан балдарымдын тарбиясына анча көңүл болбой калганымды, Анарага үйдүн түйшүгүн гана эмес, балдардын тарбиясын дагы мойнуна үйүп коюп кыйынчылык жаратканыма өзүмдү күнөөлүдөй сеземин.

- Анара Назаркулова кандай актриса экенин тажрыйбалуу режиссёрдун баамында уккум келди?

- Анараны жубайым катары эмес, актриса катары айта кетсем, спектакль эмес, жадакалса репетиция учурунда дагы кудум спектаклге даяр болгондой өз каарманын ойной билет. Кандай роль берилбесин ийинине жеткире аткарат. А. Несиндин “Жүрү  бери” пьесасын сахналаштырган М. Назаралиев эле. Анара каарманы Зинаны мыкты алып чыккан. “Аялдардын эн мыкты ролу” сыйлыгына татыган. З. Сооронбаеванын “Сынган мазар” пьесасын мен койгом. Ошондо аракеч аял-Арсардын ролу психологиялык жанрга кирет. Ошону дагы кадимкидей аракечтей көрсөтө алган. Бул каарманы менен дагы фестивалдарда “Аялдын мыкты ролу” сыйлыгына ээ болгон. Театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов: “Анара Назаркулова кыргыз искусствосунун туу чокусуна жетиптир” деген өз баасын берген. Мени кейиткени Анара башка кесиптештерден айырмаланып КРнын эмгек синирген артисти наамын өтө кеч алды. Жакында эле КР эл артисти наамына өзүнүн маңдай тер эмгеги менен жетти.

- Азыркы жаштарга үлгүлүү үй-бүлө катары кандай кеп-кеӊештерди айтаар элеӊиз?

- "Үй-бүлө өзүнчө мамлекет, Мамлекеттти башкарууга караганда, үй-бүлөөнү теске салуу кыйын" дешет. Бул докторлук диссертация жазгандан да машакаттуу. Турмуш мектебинин жыргалы да, кууралы да бар. Мына ушуну окуп бүтүү алда канча кыйын. Анткени менен адептүүлүктүн аркасында бул чакан "мамлекет" жашоодо. Менин баамымда, эркек үйдун ээси аталуучу. Ооба, үйдүн кожоюну-эркек. Ал үйдүн пири. Маселе ошол аркылуу чечилет. Жакшы аял анын жарчысы. Ал ага акыл кошот. Өзүнүн назиктиги, эр сыйлоосу, сөз тыӊдоосу, балдарынын, элдердин арасында аны сыйлоосу, жүрүш-турушун оӊдоп-түзөөсү, катарга кошуусу менен ургаачы заты жолдошунун жашоосун жөнгө салат го деп ойлойм.

- Ачууңуз чукулбу?

- Өзүмдөгү бир кылка мүнөздөнбү ачуум келгенин деле анчейин байкашпайт чыгар. Албетте жолдошу ачууланса унчукпай коюу бул-зайыптын эстүүлүгү.

- Сизди режиссёр катары жакшы билебиз, ал эми актёр катары көп эле каармандарды ойносоңуз керек...?

- М. Гапаровдун” Куностуу аралында” - Искендер, М. Горькийдин “Тупкурдосундо” - Лука, А.С. Пушкиндин “Сараң рыцарында”-Сараң рыцарь, А. Токомбаевдин “Күндүн чыгышында”- А. Жайнаков, Т. Абдумомуновдун “Эчкимге айтпасында”-Шаймерден, Анардын “Илинчегинде” -1 1 каарман, К. Жантошевдин “Курманбегинде” - Тейитбек, Лопе Де Вего “Бий мугалиминде” - Корьнеги жана башка ролдорду аткаргам.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости