www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев Орусиянын Ломоносов медалы менен сыйланды

Академик Аскар Акаевге илимге сиңирген эмгеги үчүн Орусиянын I даражадагы Ломоносов атындагы сыйлыгы берилди.

Мындай чечимди Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети бир добуштан кабыл алганын Орусиянын маалымат каражаттары жазышты.

Сыйлык ыйгарууда Аскар Акаевдин илимдеги кванттык электроника, оптикалык маалымат менен иштөө, эсептөө теориясы, макроэкономика тармактары боюнча бирден-бир кадыр-барктуу адис экени эске алынган.

Маалыматта академик 150дөн ашуун илимий эмгектин, 7 ойлоп табуунун, 20 илимий китептин автору экени баса белгиленген.

Ошондой эле, Акаев Орусия илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимдер академиясынын, Ислам илимдер академиясынын, дагы башка ушул сыяктуу атактуу илимий мекемелердин мүчөсү, бир нече эл аралык окуу жайдын ардактуу профессору.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Последние новости