www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы шайланган депутаттар качан мандат алат?

Жаңы шайланган депутаттар ушул бейшемби, 23-декабрда, ант берип, VII чакырылыштын алгачкы жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппаратынан билдирди.

Мыйзам боюнча шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин эки жуманын ичинде биринчи жыйыны өтүшү керек. Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрь күнү жыйынтык чыгарган.

Ал эми БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайланган депутаттарга жакынкы күндөрү мандат берүү күтүлүп жатканын айтты.

Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жыйынтыкка ылайык, парламентке 90 адамдын ордуна 87 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган. Бул аймактарда кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Ал эми №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан уткан Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу аныкталып, депутат болуу укугунан ажырады. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 эл өкүлү шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости