www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун бийлиги мындан ары Кумтөр маселесинде башка президенттерге, же чиновниктерге «айып», «күнөө» коюуга укугу жок. Бул тууралуу саясатчы Жылдыз Жолдошова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Аскар Акаевтен, «Кумтөр» маселеси боюнча бүт айыптоолор толук алынды» - деп билдирди Б. Талгарбеков.

Садыр Жапаров, КРнын Жогорку Кеңешинин V-чакырылышын «Кумтөр» маселеси боюнча, Аскар Акаевтен баштап, көптөгөн чиновниктер «күнөөлү» экенин тастыктап, баарыбызды ынандырган. Айрыкча, мени...

Биз ишенгенбиз жана колдоп келгенбиз. Эгерде, Аскар Акаев «сүттөн ак болсо», анда Кумтөр маселеси боюнча камалгандар, Данияр Нарымбаевтен баштап, баары эркиндикке чыгышып, алар да толук кандуу акталышы зарыл.

Мага түшүнүксүз, эгерде ушул маалымат чын болсо, кайсы себептер менен Садыр Жапаров өз позициясынан тайды?

Бийликтин күчтүүлүгү-адилеттүүлүктө, калыстыкта. Мына ушул эки нерсе, мыйзамдан да жогору турат.

Бекболот Талгарбековдун маалыматы чын болсо, анда Садыр Жапаровдун бийлиги мындан ары Кумтөр маселесинде, башка президенттерге, же чиновниктерге «айып», же «күнөө» коюуга моралдык укуктары жок», - деп белгилеген Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости