www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте снаряд табылды. Окуянын чоо-жайы

Бишкектеги Свердлов районунун аймагынан снаряд табылганы айтылды, жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыкта снаряд жатат деген маалымат түшкөн.

Анын негизинде, Свердлов району курчоого алынып, Тоголок Молдо көчөсү түндүгүнөн жана түштүгүнөн, Васильев көчөсү чыгышынан жана батышынан жабылган. 

"Жерине барган ыкчам-тергөө тобу снарядды тапкан. Улуттук гвардиянын аскерлери менен сапёрлору тиешелүү атайын иш-чараларды жүргүздү. Натыйжада, болжолдуу маалыматтар боюнча, снаряд коркунуч жаратпайт жана окууга пайдаланууга арналган каражат болуп саналат", — деп жазылган маалыматта.

Аталган факты Свердлов райондук милициясынын маалыматтарды каттоо журналына түшүрүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөөгө чейинки иштер уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости