www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-майда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефондон сүйлөштү.

Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы анда эки тараптуу мамилелер, салттуу достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү талкууланганын билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык кызматташтык активдешип, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулаганын белгилешти.

Чек ара маселеси, сооданы көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү багытындагы макулдашууларды ишке ашыруу талкууланды.

Өзбекстанда 2016-жылы президенттикке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин ага чейин сууп кеткен кыргыз-өзбек мамилеси жанданган.

Ушу тапта кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча аракеттер жүрүүдө. 17-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов эки өлкөнүн чек ара тилкесинде жолугушкан.

Анын алдында 5-7-май күндөрү Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өтүп, анда демаркацияны жөнгө салуучу документтин долбоору ортого салынган. Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзүп, 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде анын 1170 чакырымы (85%), андан кийин дагы 13% такталган.

Быйыл кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз жүк өткөрүүгө аракет кылган деп, кыргызстандык жарандарга өзбек чек арачылары ок аткан эки учур катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости