www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрксой уюмунун башкы катчысы Султан Раев Түрк дүйнөсүнүн маданият жана мурас фондусунун президенти Гюнайханум Ефендиева менен жолукканын билдирди. 

--Түрк дүйнөсүнүн маданият жана мурас фондусунда бу уюмдун президенти Гюнайханум Ефендиева менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуубуздун келечек пландарын талкууладык.

Бул фонд түрк дүйнөсүнүн маданий жана руханий мурастары жана аны жайылтуу багытында иш алып барат.

Фонддун имаратында Литвада жашаган карамис түрктөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатында Литва Президентинин жубайы, биринчи леди Diana Nausedine менен тааныштым. Кызык факт караим түрктөрү өзүнүн башатын биздеги кыпчактардан алат экен. Алар 5 миңге жетпеген өзүнчө этникалык азчылык.

Маданият жана мурас фондусунда биздин кичи эпосторубуз, салттуу өнөр жаатында да сүйлөшүүлөрдү да жүргүздүк. Жаңы долбоорлор үстүнөн иштейбиз, - дейт Султан Раев. 

Эске сала кетсек, Султан Раев Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости