www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку кеңештин комитети курултай тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алуудан баш тартты. Аны түшүнсө болот – кайсы уюм өзүн башкара турган башка уюмду өз колу менен түзмөк эле? Конституцияда дагы элдик курултай – кеңеш бере турган гана түзүм деп жазылган.

Бирок курултай идеясын дагы түшүнсө болот – бийлик эл алдында жооп берип турууга тийиш жана байыркы заманда андай отчёттор элдин жалпы жыйындарында жасалчу. Кийин ошондой жалпы жыйындар өнүгүп отуруп, парламенттер пайда болгон. Бирок акыркы мезгилде өкмөттөр дагы, президент менен парламенттер дагы элдин кызыкчылыгын эске албай калгандыктан, абалды чындап эле оңдош керек болуп калган.

Шайлоо өнөктүгү учурунда президент жана башка саясатчылар популизмдин деми менен жана добуш чогултуу максатында курултай түзөбүз деп убада берген жана азыр ошол убадаларды аткаруу мезгили келди. Бул көрүнүш – биздин коом канчалык жапайылашып кеткенин көрсөтөт: XXI-кылымдагы маселелерди чечүү үчүн байыркы замандагы мисалдарды жандантуу керек болууда.

Последние новости