www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизат жайылтууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу 27-апрелде Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

6-апрелде Бишкек шаарында 1989-жылы туулган Г.С.Г. аттуу жарандын башкаруусундагы «BYD Qin» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинен спайс табылган. Иликтөө иштеринин алкагында шериги катары 1986-жылы туулган С.А.А. аттуу аял киши кармалган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.

Учурда тергөө иштеринин алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Последние новости