www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте стационарлар жабылып жатат

Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда бейтаптарга жардам берип иштеп жаткан стационар жабылды. Бул тууралуу жуналисттерге аталган жайда иштеп, ыктыярчылык кылып келген Бектур Кыргыз аттуу ыктыярчы билдирди.

Айтымында, стационар иштеп жатканда алар 3000ден ашык бейтапка жардам беришкен.

"Бул айтылган сан болжолдуу гана сан. Сакайып батасын бергендердин так санын билбейм, бирок койгон максатыбызга жеттик деп ишенем. Ар бир көмөктөшкөн инсандарга Аллах ыраазы болуп, бекем ден соолук берсин! Буйурса ар бирибиз сүйүнүп, той топурларда көрүшөлү", - деди ыктыярчы.

Белгилей кетсек, буга чейин убактылуу ачылган 2 стационар да бейтаптар жок калганына байланыштуу жабылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости