www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жаңыланган имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМнин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин алкагында административдик имарат толугу менен жаңыланды.
Инженердик коммуникациялар алмаштырылып, электр менен камсыздоо жана жарыктандыруу системалары модернизацияланды. Ошондой эле ички бөлмөлөр оңдолуп, заманбап жасалгалоо иштери аткарылды.
Мындан тышкары, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жана функционалдык иш шарттарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кызматтык бөлмөлөр жаңы эмеректер, компьютердик техника жана керектүү жабдуулар менен камсыздалып, бул өз кезегинде кызматтын ыкчамдыгын жогорулатууга жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Жүргүзүлгөн жаңылоо иштери ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого, калк менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу жана жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү багытында күнүмдүк кызматын улантат.