www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Талас облусуна жумушчу сапары менен барып, экология маселелерине, токой чарбасын өнүктүрүүгө жана кызматкерлердин эмгек шарттарына өзгөчө көңүл бурду.
Сапардын жүрүшүндө министр «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркында жана Талас аймактык башкармалыгында болду. Улуттук «Жашыл мурас» демилгесинин алкагында тамыр системасы жабык көчөттөр отургузулду.
Ошондой эле министр Талас облусунун кызматкерлери үчүн жаңы административдик имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышып, жамаат менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда кызматкерлерди кызыктырган суроолорго жооп берип, айлана-чөйрөнү коргоо ишмердүүлүгүн күчөтүү жана аймактык бөлүмдөрдү өнүктүрүү боюнча мындан аркы багыттарды талкуулады