www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миниистрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков эл аралык жыйында Кыргызстан суу ресурстарынын болгону 30%ын гана өзү пайдаланып, калганын коңшу өлкөлөр колдонуп жатканын айтты. Анын айтымында, өлкө мөңгүлөрдү сактоо жана суу объекттерин кармоо үчүн чоң каражат короткону менен жетиштүү кенемте албай келет.

Акыркы бир жылда суу тармагына 80 млн доллар, беш жылда 259 млн доллар жумшалган. Ошондой эле эскирген инфраструктураны жаңылоого кошумча эл аралык колдоо керектиги белгиленди.

Акунбеков климаттын өзгөрүшү Борбор Азия үчүн чоң коркунуч болуп жатканын айтып, Ысык-Көлгө куйган дарыялар акыркы он жылда 100дөн 30га чейин азайганын билдирди. Ал өнөктөштөрдү көлдү сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорго катышууга чакырды.

Последние новости