www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте «Тамак» кафесинин ээси 13 миң сом айыпка жыгылды

Бишкек шаарында муниципалдык аймакка бетон орнотуп алган кафенин ээсине айып салынды, деп билдиришти мэриядан.

Маалыматка караганда, Лев Толстой көчөсүндөгү №1 дарегинде жайгашкан «Тамак» кафесинин ээси кардарларынын унааларын убактылуу токтотуу үчүн муниципалдык аймакка бетон куюп, тосуп алган.

Мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жана көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери жерине ыкчам барышты. Жеринде эч кандай уруксат кагаздары жоктугу аныкталып, иш токтотулган.

Мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан «Жол бузуулар жөнүндө» кодексинин 242-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 13 000 миң сом айып салынды.

Ошондой эле, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кафенин ээси мыйзам бузуу менен макул болуп, аймакты баштапкы абалына келтирүүнү убадалады.

Мэрия жарандардан көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранат.

 

Последние новости