www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малавидеги тропикалык "Фредди" бороонунан каза болгондордун саны 326га жетти. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги өлкө президенти Лазарус Чакверага шилтеме берип билдирди.

Буга чейин 225 киши каза болуп, 700дөн ашууну жарадар болгону айтылган.

«Кечээтен бери бул табигый кырсыктан каза болгондордун саны 225тен 326га, ал эми жер которгондордун саны эки эсеге көбөйдү», - деди Чаквера.

Президент Чаквера циклон каптап келгенде чет өлкөдөгү гастролдон тезе арада кайтып келбегени үчүн сынга алынган. Президент дүйшөмбү күнү Дохада азыраак өнүккөн өлкөлөрдүн саммитине катышып жатып, Түштүк провинциясында табигый кырсык режимин киргизүүнү жарыялады. Шаршемби күнү Чаквера өлкөдө Фредди циклонунун курмандыктарына байланыштуу эки жумалык улуттук аза күтүү жарыялаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости