www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 1955-жылы туулган Фисенко Татьяна Владимировна изделүүдө. Бул тууралуу 19-майда Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга анын жакыны кайрылган. Шаар тургунунун айтымында, 18-майда Фисенко эртең менен саат сегизде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Ал өзү менен кошо уюлдук телефонун ала кеткен, бирок чалууларга жооп берген эмес. Учурда телефон өчүрүлгөн. Аял Жаш Гвардия көчөсүндө жашачу.
Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачын ак баскан, көздөрү көк.
Кийген кийими: кызыл түстөгү токулган кофта, кара түстөгү шым.
Милиция изделип жаткан аялды көргөн же ал тууралуу маалыматы бар адамдарды 0 (502) 09-73-94 же 102 номурлары аркылуу байланышууга чакырат.