www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-май күнү Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, дастанчы-композитор Жолболду Алибаевдин 80 жылдык мааракесине арналган “Чолпонум” мюзиклинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Премьера аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.  

Кеченин соңунда Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. К. Арстанкулов, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н. А. Закиров, Ош облустук профсоюздар кеңешинин төрагасы Т. А. Тажиев, экс-депутат, “Энелер коому” коомдук бирикмесинин төрайымы А. Алтыбаева ошондой эле филармониянын директору А. Тоотаев сөз сүйлөп, чыгармачыл жамааттын эмгегине жогорку баа беришти. Алар ардак грамоталарды тапшырып, чыгармачыл топко каалоо-тилектерин билдиришти.

Мюзиклдин режиссёру Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Н. Мендебаиров, либреттонун автору Н. Рыскул кызы, башкы дирижёр И. Малдыбаев.
 
Аталган мюзиклди Бишкек шаарында жана айрым аймактарда коюу пландалууда.

Последние новости